Башкы беткеКоом"Манас" аэропортунда TezJet учагы кырсыкка кабылды

“Манас” аэропортунда TezJet учагы кырсыкка кабылды

Бүгүн, 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек–Ош багыты боюнча уча турган TezJet авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы кырсыктады. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, учууга даярдык маалында учактын арткы дөңгөлөктөрүнүн бири сынып, учак сол канатына кыйшайган. Учкучтар аны өз убагында токтотууга жетишкен.

Окуядан оор жабыркагандар катталган жок. Учактагы бардык жүргүнчүлөр коопсуз эвакуацияланды. Алдын ала маалымат боюнча, бортто 181 жүргүнчү болгон. Окуя болгон жерде медициналык кызматкерлер иштеп, жеңил жаракат алгандарга керектүү жардам көрсөтүлүүдө.

Учурда авиациялык кызматтар техникалык мүчүлүштүктүн себептерин жана окуянын бардык жагдайларын тактоодо. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу аэропорттун жетекчилиги калган каттамдарды тейлөөнү убактылуу токтотту.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар