Башкы беткеМинистрлер кабинетиАбитуриенттер үчүн бирдиктүү колл-борбор иштей баштады

Абитуриенттер үчүн бирдиктүү колл-борбор иштей баштады

Абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуу боюнча бирдиктүү колл-борбор иштеп баштады. Бул тууралуу Илим, билим берүү жана инновация министрлиги кабарлады.

Ведомствонун маалыматында, 110 кыска номери аркылуу ЖОЖдорго жана орто кесиптик окуу жайларга тапшыруу боюнча бардык суроолорго акысыз жооп алууга болот.

Колл-борбордун адистери абитуриенттерге кабыл алуу жараяны, тандоо турлары, окууга кабыл алуу, билим берүү программасын тандоо жана башка тиешелүү маселелер боюнча кеңеш беришет.

Бирдиктүү колл-борбор 31-августка чейин иштейт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар