Кыргызстанда 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көмүр жана башка отундун керектүү запасы даярдалат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жалпы 3 миллион 408,6 миң тонна көмүр даярдоо пландалууда. Анын ичинен:
бюджеттик мекемелер үчүн – 319,4 миң тонна;
калк үчүн – 1 миллион 483,6 миң тонна;
Бишкек ЖЭБи үчүн – 1 миллион 520 миң тонна.
Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкек ЖЭБинде импорттук жана ата мекендик жогорку калориялуу көмүр колдонулат. Бул жылытуу мезгилинде станциянын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, өлкө боюнча 45,5 миң тонна мешке жагылуучу мазут даярдоо каралган. Анын негизги бөлүгү Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук менен камсыздоо объектилерине, ошондой эле муниципалдык жылуулук берүүчү ишканаларга бөлүштүрүлөт.



