Министрлер Кабинети күйүүчү-майлоочу материалдардын баасын мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу бир катар чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кабыл алынган токтомго ылайык, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин ички рынокто баасы убактылуу мамлекеттик жөнгө салынышы мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен чыгарылды.
Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдардын рыноктук баасын турукташтыруу боюнча 2026-жылдын 25-майындагы токтомдон «максималдуу чекене бааларды белгилөө менен» деген жобо алып салынды.
Министрлер Кабинетинин маалыматында, өзгөртүүлөр өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана улуттук экономиканын субъекттерин мамлекеттик колдоо максатында кабыл алынды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



