“Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков Бишкектеги 110/10 кВ “Мурас” көмөк чордонунда жүрүп жаткан реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, көмөк чордонду жаңылоо Бишкек шаарынын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого багытталган. Реконструкция аяктагандан кийин ал 51 200 көрүүчүгө ылайыкталган “Бишкек Арена” стадионун жана “МИК” ААК куруп жаткан турак жай комплекстерин ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздайт.
Учурда объектте негизги техникалык иштер жүрүп жатат. Кубаттуулугу 40 000/10 кВА болгон күч трансформатору орнотулуп, 10 кВ жана 110 кВ шина секцияларын монтаждоо иштери аяктады. Адистердин айтымында, көмөк чордон жакынкы бир жуманын ичинде пайдаланууга берилет.
Объект ишке киргенден кийин электр тармагындагы жүктөм кайра бөлүштүрүлүп, “Ново-Южная”, “Арча-Бешик” жана “Пиковая котельная” көмөк чордондорундагы ашыкча жүктөм азайып, Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгү жогорулайт.



