Жай мезгилинде сууга байланышкан кырсыктар көбөйүп, өзгөчө жашы жете электер арасында кайгылуу учурлар көп катталууда. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдарды суу жээктеринде кароосуз калтырбоого чакырды.
Министрликтин маалыматына караганда, кырсыктардын көбү балдар чоңдордун коштоосуз дарыя, көл, канал жана суу сактагычтардын жээгинде жүргөндө болот. Айрым учурларда бир нече секунд эле баланын өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойнойт.
ИИМ төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштайт:
- балдарды суу объектилеринин жанында кароосуз калтырбоо;
- сууга атайын уруксат берилген жана жабдылган жайларда гана түшүү;
- бала сүзгөндү билсе да, аны жалгыз сууга киргизбөө;
- балдарга суудагы коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү;
- агымы катуу, терең жана белгисиз жерлерде сууга түшүүгө жол бербөө;
- кайыкта жана башка сүзүүчү каражаттарда куткаруучу жилет колдонуу;
- өзгөчө кырдаал жаралса, тиешелүү кызматтарга дароо кайрылуу.
Министрлик балдардын коопсуздугу биринчи кезекте ата-энелердин көзөмөлүнө байланыштуу экенин белгилеп, сактык жана жоопкерчилик көптөгөн кырсыктардын алдын аларын эскертти.



