Башкы беткеКоомОшто ЛЭД экрандар жана "акылдуу" аялдамалар үчүн жер тилкелери бөлүндү

Ошто ЛЭД экрандар жана “акылдуу” аялдамалар үчүн жер тилкелери бөлүндү

Ош шаардык мэриясында муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин менчикке жана ижарага берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өтүп, жалпысынан 49 маселе каралды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Отурумдун жыйынтыгында 22 жер тилкесин ЛЭД экрандарды орнотуу үчүн, 8 жер тилкесин аукцион аркылуу ижарага берүүгө, 9 жер тилкесин аукционго чыгарууга жана 4 жер тилкесин түз ижарага берүүгө макулдук берилди. Чечимдер Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, ошондой эле Жер ресурстары кызматынын Ош филиалынын корутундуларынын негизинде кабыл алынды.

Мындан тышкары, мэриянын токтомуна ылайык, үч жер тилкесине демөөрчүлөрдүн эсебинен заманбап “акылдуу” аялдамаларды курууга уруксат берилди. Долбоорго ылайык, аялдамалардын 30 пайызы тейлөөчү жайларга арналат.

Ошондой эле ижарага берилген айрым жер тилкелери боюнча мурда кабыл алынган үч комиссиялык чечимге өзгөртүүлөр киргизилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар