Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан “Көк-Арт” төлөм алуу пункту ишке кирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, төлөмдөр накталай эмес тартипте гана кабыл алынат. Айдоочулар жол акысын QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөй алышат.
Белгиленгендей, Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолу өлкөнүн стратегиялык маанидеги негизги жолдорунун бири болуп саналат. Анын курамындагы “Көк-Арт” туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп, узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт.
Министрлик мындай ири инженердик курулушту үзгүлтүксүз тейлөө олуттуу чыгымдарды талап кыларын белгиледи. Тактап айтканда, туннелдин жарыктандыруу, желдетүү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жана авариялык байланыш системалары күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп турушу керек.



