Башкы беткеКоомБишкекте балдар арабасы менен жүргөн ата-энелер жол акыдан бошотулушу мүмкүн

Бишкекте балдар арабасы менен жүргөн ата-энелер жол акыдан бошотулушу мүмкүн

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык автобустарда балдар арабасын акысыз ташууну уюштурууну тапшырды. Бул долбоор алгач бир айлык пилоттук долбоор катары ишке ашырылат.

Мэр муниципалдык “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров менен жолугушууда учурдагы эрежеге ылайык, автобуска киргенде ата-энелер баланы колуна көтөрүп, колясканы бүктөп кирүүгө милдеттүү экенин эске салды.

Анын айтымында, мындай талапты аткаруу бардык учурда эле мүмкүн боло бербейт. Айрыкча, эне бала жана жүктөрү менен жалгыз жүргөндө бул бир топ ыңгайсыздык жаратат.

“Балдар арабасы менен коомдук транспортко түшкөн ата-энелер үчүн жол акысын төлөбөгөндөй шарт түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл. Колдонуудагы жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин бул демилгени ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгып, аны бир айлык пилоттук режимде ишке киргизгилет. Бул аралыкта калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пилоттук долбоордун жыйынтыктарын талдап чыгып, андан соң Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү чечимдердин долбоорун даярдагыла”, – деп тапшырма берди калаа башчысы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар