Башкы беткеМинистрлер кабинети“Ачык кабинет”: Нурдан Орунтаев Курулуш министрлигинин иши менен тааныштырды

“Ачык кабинет”: Нурдан Орунтаев Курулуш министрлигинин иши менен тааныштырды

Бүгүн, 9-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин иш күнү “Ачык кабинет” форматында башталды. Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн ведомствонун иш процесси менен тааныштырды.

Орунтаевдин иш графиги министрликтин борбордук аппаратында башталды. Ал журналисттерге өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, ведомствонун күнүмдүк ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Ошондой эле мекеменин үзгүлтүксүз ишин камсыздаган кызматкерлер менен тааныштырды.

Расмий бөлүк аяктагандан кийин министр журналисттер менен бирге министрликке караштуу жана курулушу жүрүп жаткан объектилерди кыдырууну пландап жатат.

Анын алкагында Инженердик изилдөөлөр департаментинин жаңыланган лабораториясы жана автобазасы көрүлөт. Ошондой эле Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын (ДГАСК) жаңы имаратынын ачылышы, «Asman Residence» турак жай комплексинин, Курулуш министрлигинин өндүрүштүк заводунун жана «Оскон-Ордо» конушундагы жаңы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышуу пландалууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар