Башкы беткеМинистрлер кабинети“Ачык кабинет”: Орунтаев Инженердик изилдөөлөр департаментиндеги мыйзамсыз схемаларды ачыктады

“Ачык кабинет”: Орунтаев Инженердик изилдөөлөр департаментиндеги мыйзамсыз схемаларды ачыктады

Бүгүн, 9-июлда “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасын кыдырып, оңдоо жана жаңылоо иштери менен таанышты.

1978-жылы курулган автобазанын имараты көп жылдардан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөндүктөн, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган. Министр жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин жана жаңы сатылып алынган атайын техникаларды көрүп чыгып, мекемедеги мурдагы мыйзамсыз схемалар тууралуу да айтты.

«Бул жерден жыл сайын 300 миллион сомго чейин каражат өлкөдөн сыртка чыгарылып турган. Департаменттин өнүгүшүнө бир сом да салым кошпогон уюштуруучулар болгон. Биз келгенде 40 техниканын ичинен болгону он чактысы гана иштеп жаткан», – деди Орунтаев.

Кыргызстандын курулуштагы инженердик изилдөөлөр боюнча башкы институту (КыргызГИИЗ) 1975-жылы түзүлгөн. Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык, ал Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти болуп кайра түзүлгөн.

Министр департаменттин кызматкерлери менен жолугушууда инженердик изилдөөлөрдүн сапаты өлкөдө курулуп жаткан бардык объектилердин коопсуздугуна түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

«Мамлекет тарабынан бардык шарттарды түзүп жатабыз. Ар бир кызматкерден чынчыл, ак ниет жана жоопкерчиликтүү иштөө талап кылынат. Инженердик изилдөөлөрдүн сапаты келечектеги курулуштардын бекемдигин жана коопсуздугун аныктайт», – деди министр.

Министрликтин маалыматына ылайык, департамент Курулуш министрлигинин курамына киргенден бери анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлер үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында 2025-жылы департаменттин башкы кеңсеси соңку 50 жылда биринчи жолу толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Учурда автобазада да оңдоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда. Бардык иштер мекеменин ички каражаттарынын эсебинен аткарылып жатканы белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар