Бүгүнкү жаш муундун кызыгуусу өзгөргөндүктөн, эски үлгүдөгү окуу китептери азыркы талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда кыргыз тили, тарых жана география сабактары боюнча окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга арналган тегерек столдо агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Кендирбаеванын белгилешинче, тарых сабагында эмоцияга орун болбошу керек, ал эми окуу китептери автордун жеке көз карашын балдарга таңуулабашы зарыл.
“Биздин окуу материалдарыбыз заманбап стандарттарга ылайык келбейт. Балдар өз алдынча ой жүгүртүп, өз көз карашын калыптандырууга жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек», – деди министр.
Ошондой эле ал Кыргызстанда кыргыз эл жомоктору жана балдар үчүн окутуучу мультфильмдер жетишсиз экенин белгилеп, QR-коддор колдонулган жаңы санариптик окуу материалдарын иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.
Белгиленгендей, өлкөнүн 12 жылдык жалпы билим берүү моделине өтүшүнө байланыштуу мамлекеттик саясатка жана улуттук баалуулуктарга негизделген кыргыз тили, тарых жана география сабактары боюнча жаңы муундагы окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгуу жана жаңылоо иштери башталган.
Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору Сыртбай Мусаев, президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, эксперттик коомчулуктун мүчөлөрү, окуу материалдарын иштеп чыгуучулар жана эл аралык өнөктөштөр катышты.



