Башкы беткеМинистрлер кабинетиКурулуш министри жаш адистерди жумушка чакырды

Курулуш министри жаш адистерди жумушка чакырды

“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Курулуш министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин лабораториясын кыдыруу учурунда министр Нурдан Орунтаев кызматкерлердин биринен айлыгы тууралуу сурады.

Жаш кызматкер алгач тартынганы менен, айлыгы 100 миң сомдун тегерегинде экенин айтты.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай эмгек акы чоң жоопкерчилик менен байланыштуу. Лаборант өлкөнүн бардык аймактарынан жөнөтүлгөн топурак үлгүлөрүн изилдеп, алардын тыгыздыгын, сапатын жана мамлекеттик стандарттарга шайкештигин текшерет. Дал ушул экспертизанын жыйынтыгына жараша белгилүү бир жер тилкесинде курулуш жүргүзүүгө болобу же жокпу деген чечим кабыл алынат.

“Учурдан пайдаланып жаш адистерди жумушка чакырабыз. Биз бардык шарттарды түзуп жатабыз. Айлык-акылар өз убагында берилет. Сый акылар дагы берилет”, – деди министр.

Ведомстводон белгилегендей, геодезия жана топография – Инженердик изилдөөлөр департаментинин адистери күн сайын аткарган жооптуу иштердин бир бөлүгү гана. Алардын эмгеги келечекте курула турган имараттардын бекемдигин жана коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар