Бүгүн, 9-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору менен биргеликте «Кыргызстанда климаттык каржылоо, ESG жана көмүртек рыногу: кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу презентациялык сессия өттү.
Маалыматка ылайык, сессиянын жүрүшүндө катышуучуларга 2026–2030-жылдарга карата Кыргызстандын климаттык инвестициялык программасы, улуттук ESG системасын калыптандыруу, көмүртек рыногун өнүктүрүүнүн келечеги тааныштырылды
Талкууда өлкөнүн инвестициялык артыкчылыктарына, климаттык долбоорлордун портфелин түзүүгө жана эл аралык каржы институттары менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, катышуучулар ESG принциптерин практикага киргизүү, «жашыл» инвестицияларды өнүктүрүү жана Кыргызстандын улуттук климаттык жана инвестициялык саясатын алдыга жылдыруу боюнча пикир алышты.



