2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыккан алгачкы команда аныкталды. Франциянын улуттук курамасы чейрек финалда Мароккону 2:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка ишенимдүү өттү.
АКШнын Фоксборо шаарындагы “Жиллетт” стадионунда өткөн оюнда эсеп экинчи таймда гана ачылды. Ага чейин француздардын лидери Килиан Мбаппе 28-мүнөттө дайындалган пенальтини голго айландыра алган эмес.
Бирок тыныгуудан кийин Франция демилгени толук өз колуна алды. 60-мүнөттө Мбаппе эсепти ачса, алты мүнөт өткөн соң анын пасынан кийин Усман Дембеле экинчи голду киргизип, беттештин жыйынтык эсебин белгиледи.
Ушундай жыйынтыктан кийин Франция турнирдин жарым финалына жолдомо алып, Испания менен Бельгиянын жеңүүчүсү менен күч сынашат.
Эске салсак, быйылкы дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексиканын аймагында өткөрүлүүдө. Чемпион аныктала турган финалдык беттеш 19-июлда Ист-Ратерфорд шаарында өтөт.



