Башкы беткеКоомОшто ордо улуттук оюну үчүн жаңы аянтча пайдаланууга берилди

Ошто ордо улуттук оюну үчүн жаңы аянтча пайдаланууга берилди

Ош шаарында ордо улуттук оюнун өнүктүрүүгө багытталган жаңы аянтча ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы спорттук жай шаардын борбордук аянтында жайгашып, бардык каалоочулар үчүн ачык болот. Аянтча Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин карамагына өткөрүлүп, анда спортчулардын машыгуулары, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо мелдештери уюштурулат.

Ордо — кыргыз элинин байыркы улуттук командалык оюндарынын бири. Ал көчмөн элдин аскердик ыкмаларын, тактикасын жана стратегиялык ой жүгүртүүсүн чагылдырат. Оюн атайын тегерек аянтчада өткөрүлүп, анын ортосуна “хан” коюлат. Анын айланасына тизилген ашыктар шарттуу түрдө жоокерлерди билдирет. Катышуучулар “абалак” деп аталган атайын таякча менен ашыктарды жана “ханды” тегеректен чыгарып, упай топтоого аракет кылышат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар