Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы «Аленушка» балдар бакчасынын курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга даяр болду.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жаңы бала бакча Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын алкагында, АРИС тарабынан курулган. Долбоордун жалпы наркы 69 миллион сомду түзгөн.
Эки кабаттуу имарат 90 орунга ылайыкташтырылып, окуу жана оюн бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, ашкана, санитардык түйүндөр, жылытуу системасы жана башка зарыл шарттар менен камсыздалган.
Учурда объектти пайдаланууга берүү боюнча акыркы даярдык иштери жүрүп жатат.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев курулуштун даярдыгы менен жеринен таанышып, тиешелүү мекемелерге бардык уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүп, бала бакчаны 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүүнү тапшырды.
Жаңы бала бакчанын ачылышы Кадамжай шаарында мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, тургундар үчүн маанилүү социалдык объекттердин бири болот.



