Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы селден жабыркаган аймактар жана авариялык объектилер менен жеринен таанышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, Чыныбаев Чаткал дарыясындагы авариялык абалдагы көпүрөнү көрүп чыгып, жергиликтүү бийликке келерки жылы жаңы көпүрө куруу маселесин кароону сунуштады.
Андан кийин Канатбек Чыныбаев июнь айындагы селден жабыркаган Ала-Бука районундагы Ак-Башат айылын кыдырды. Эске салсак, нөшөрлүү жаандын кесепетинен Сумсар дарыясы ташып, беш ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келип, жолдорго зыян келтирген.
Министр жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Сумсар дарыясындагы кооптуу тилкелерди калыбына келтирүү жана сел коркунучун азайтуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн убада кылды.
Иш сапардын алкагында жаз-жай мезгилиндеги селдин кесепеттерин жоюу иштерин ыкчам уюштургандыгы үчүн Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Эгембердиевге мөөнөтүнөн мурда “майор” аскердик наамы ыйгарылды.



