Башкы беткеКоомКыргызстанда чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору ишке кирди

Кыргызстанда чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору ишке кирди

Бишкекте Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө арналган брифинг өттү.

Иш-чарага илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурусбек Козуев, “Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору” мамлекеттик ишканасынын директору Чыңгыз Узакбаев, жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Брифингдин жүрүшүндө борбордун негизги иш багыттары тууралуу маалымат берилип, чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын жогорку окуу жайларына борборлоштурулган тартипте кабыл алуу механизми тааныштырылды.

Ошондой эле кызматтарды санариптештирүү, кабыл алуу өнөктүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу жана өлкөнүн жогорку билим берүү системасын эл аралык деңгээлде жайылтуу боюнча пландар айтылды.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы борбор чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн документ тапшыруу процессин жөнөкөйлөтүп, анын ачык-айкындуулугун жог

орулатууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар