Башкы беткеМинистрлер кабинетиБарскоон – Бедел жолундагы туннелдердин курулушу ылдам жүрүүдө

Барскоон – Бедел жолундагы туннелдердин курулушу ылдам жүрүүдө

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жана Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышты.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө №1 туннелде (Сөөк) негизги туннелди казуу иштери 365 метрге чейин, ал эми пилоттук туннелди (штольни) казуу 466,2 метрге чейин алдыга жылды.

Ал эми №2 туннелде (Ашуу-Суу) негизги туннелди казуу 270,2 метрге чейин, пилоттук туннелди казуу болсо 361,4 метрге чейин узартылды.

Жалпы узундугу 161 чакырымды түзгөн жолдун бардык тилкелеринде иштер жүрүп, объектте 1700дөн ашык жумушчу жана 814 атайын техника тартылган.

Тиешелүү кызматтарга курулушту бекитилген графикке ылайык сапаттуу бүтүрүү, коопсуздук талаптарын сактоо жана зарыл ресурстар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Барскоон – Бедел жолу Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган жаңы транспорттук коридор болуп, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар