Германиянын Volkswagen автоөндүрүүчүсү дүйнө жүзү боюнча 100 миңге жакын жумуш ордун кыскартууга даярданууда. Бул чечимге байланыштуу Германияда компаниянын кызматкерлери нааразылык акцияларына чыгышты.
Маалыматка караганда, учурда Volkswagen компаниясында дүйнө боюнча дээрлик 630 миң адам эмгектенет. Кытайдагы биргелешкен ишканаларды кошкондо бул көрсөткүч 680 миңге жетет. Акыркы жылдары кызматкерлердин көптүгү компания үчүн олуттуу чыгымга айланып, өндүрүштүк чыгымдарды көбөйткөнү белгиленүүдө.
Эксперттердин айтымында, Volkswagen көптөгөн тетиктерди жана программалык камсыздоону өз күчү менен өндүрүүнү тандагандыктан, атаандаштарына салыштырмалуу жумушчу күчүнө көбүрөөк муктаж болуп келген. Мунун натыйжасында Германиядагы өндүрүш чыгымдары айрым атаандаштарына караганда эки эсеге чейин жогорулап кеткен.
Ошондой эле компаниянын электромобилдерди чыгарууга кеч өтүшү анын негизги рыноктордогу позициясына терс таасирин тийгизген. Айрыкча Кытайдагы сатуунун азайышы жана Европада суроо-талаптын төмөндөшү Volkswagenдин учурдагы кыйынчылыктарынын негизги себептеринин бири катары көрсөтүлүүдө.



