Кыргызстанда “Tez Jet” авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим 7-июлда “Манас” эл аралык аэропортунда Бишкек–Ош каттамын аткарып жаткан учак катышкан авиациялык окуядан кийин кабыл алынган.
Окуядан соң Жарандык авиация агенттиги авиакомпаниянын ишмердүүлүгүн пландан тышкаркы негизде текшерип, авиация мыйзамдарынын одоно бузулган учурларын аныктаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул мыйзам бузуулар учуулардын коопсуздугуна коркунуч жаратары белгилүү болуп, компаниянын лицензиясын кайтарып алуу чечими чыгарылган.
Манасбек Самидинов белгилегендей, учуулардын коопсуздугуна шек жараткан бардык авиакомпанияларга алардын тарыхына же рыноктогу ордуна карабастан мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.



