Башкы беткеКоом"Манас" аэропортунун негизги кире бериши ачылды

“Манас” аэропортунун негизги кире бериши ачылды

“Манас”  эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштеринен кийин негизги кире бериш кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору”  ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов маалымдады.

Анын айтымында, учурда аэропорттун терминалын жаңылоо боюнча кеңири реконструкциялоо иштери уланууда. Долбоордун алкагында жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу көздөлгөн.

Жаңы пайдаланууга берилген кире бериш аркылуу жүргүнчүлөрдүн жана тосуп алуучулардын кыймылы кыйла ирээттүү уюштурулуп, кирип-чыгуудагы тыгындар азаят деп күтүлүүдө.

Ал эми реконструкциянын кийинки этаптары пландалган мөөнөттөргө ылайык улантылып, аэропорттун калган бөлүктөрүндө жаңылоо иштери жүрүп жатат.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар