Нарын облусунун Ат-Башы районунда кыска мөөнөттө жааган нөшөрдөн улам сел жүрдү.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, сел 12- июль күнү кечки саат 20:30дар чамасында кокту-колоттон түшкөн суулардын Баш-Кайыңды менен Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайдан ашып кетишинен улам жүргөн.
Табигый кырсыктын кесепетинен балчылык менен алектенген жеке ишкердин 80 бал челеги жана автоунаасы агып кеткен. Унаанын ичинде болгон бала куткаруучулар тарабынан өз убагында куткарылып, жабыркаган эмес.
Учурда аймактагы абал туруктуу экени маалымдалды. Селден улам убактылуу жабылган Ат-Башы–Өзгөрүш унаа жолу кайрадан ачылып, транспорт каттамы калыбына келтирилди.
Азыр тиешелүү кызматтар селдин кесепеттерин жоюу, келтирилген чыгымдарды аныктоо, ошондой эле суу каптаган айдоо жерлерин жана чарбалык курулуштарды тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок.



