Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧоң-Алайда ири ирригациялык долбоор ишке ашууда

Чоң-Алайда ири ирригациялык долбоор ишке ашууда

Чоң-Алайда 1400 гектар жерди сугат суу менен камсыздай турган Миң-Жар каналы курулуп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө курулуп жаткан Миң-Жар каналы аймактагы сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири.

Долбоор ишке ашканда буга чейин суу жетпей пайдаланылбаган жерлер айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизилип, 1400 гектар аймак сугат суу менен камсыз болот.

Натыйжада картошка, дан эгиндери, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө шарт түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, мал чарбачылыгы үчүн тоют базасын чыңдоого жана жергиликтүү калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.

Миң-Жар каналы Чоң-Алай районунун ирригациялык инфраструктурасын жакшыртып, пайдаланылбай жаткан жерлерди натыйжалуу колдонууга багытталган стратегиялык долбоор болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар