Башкы беткеЭкономикаКыргызстан менен Кытайдын бизнес кызматташтыгы кеңейүүдө

Кыргызстан менен Кытайдын бизнес кызматташтыгы кеңейүүдө

Кыргызстандагы “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы Кытайдын Сычуань провинциясындагы Чэнду шаарында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, мындай чечим Кытайга болгон жумушчу сапардын жыйынтыгында кабыл алынган. Сапардын алкагында делегация кытайлык ишкерлер жана мүмкүн болгон инвесторлор менен бир катар жолугушууларды өткөргөн.

Аталган сапар учурунда эркин экономикалык зоонанын өкүлдөрү Кытайдын 250дөн ашык бизнес өкүлдөрү жана компания жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жаңы өкүлчүлүк Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жайылтып, маалыматтык колдоо көрсөтүп, кытайлык инвесторлор менен байланыш түзүүгө көмөктөшөт.

Мындан тышкары, Шэньси провинциясынын Сиань шаарында Шэньси ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, тараптар узак мөөнөттүү кызматташтык боюнча алкактык келишимге кол коюшту.

Келишим бизнес байланыштарды өнүктүрүүнү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жана Кытайдын мамлекеттик органдары, ишкер чөйрөсү менен кызматташууну карайт.

Эркин экономикалык зоонасы “Бишкек” жетишилген макулдашуулар Кыргызстанга инвестиция тартууга, жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар