Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖумуш табуу үчүн жаңы санариптик сервис ишке киргизилет

Жумуш табуу үчүн жаңы санариптик сервис ишке киргизилет

Кыргызстанда жарандарды иш менен камсыздоого багытталган jumush.gov.kg улуттук платформасын күзүндө ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулу билдирди.

Анын айтымында, жаңы платформа “Түндүк” мамлекеттик маалыматтык системасы менен интеграцияланып, колдонуучулар үчүн жөнөкөй жана ыңгайлуу форматта иштейт.

Порталга өлкөнүн бардык аймактарындагы бош жумуш орундарын жайгаштыруу мерчемделүүдө. Бул жарандарга ылайыктуу вакансияларды бир жерден издөөгө жана иш берүүчүлөр менен байланышты жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.

Бакай Кожомкул уулу Кыргызстанда 14 жаштан 35 жашка чейинкилер жаштар категориясына кирерин белгиледи. Анын айтымында, өлкөдө жаштардын саны 2,5 миллионго жакын болуп, бул калктын 35 пайызынан ашыгын түзөт. Ошондуктан аларды иш менен камсыз кылуу негизги маселелердин бири бойдон калууда.

Эмгек министрлигинин 2026-жылдын 1-майына карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда 8,2 миң бош жумуш орду катталган. Эң көп суроо-талап жумушчу адистиктерге байкалган. Өлкөдө расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзсө, иш менен камсыз кылуу кызматтарында 60,2 миң адам каттоодо турган. Алардын жарымынан көбү расмий түрдө жумушсуз катары катталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар