Маданият тармагында эмгектенген кызматкерлер быйыл күзүндө турак жайлуу болушат. Аларга Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 200гө жакын батир берилери күтүлүүдө.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунда билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча жалпысынан 20 миңге жакын батирди пайдаланууга берүүнү пландап жатат. Ошол турак жайлардын бир бөлүгү маданият тармагында эмгектенген кызматкерлерге, анын ичинде театр өкүлдөрүнө бөлүнөт.
Министр белгилегендей, буга чейин турак жай алууга талапкерлердин тизмеси түзүлүп, каттоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда батирлерди тапшыруу процесси башталарын күтүп жатышат.



