Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 70 көп кабаттуу турак үйдүн жана мамлекеттик мекемелердин имараттарынын фасаддарын оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууга каражат президенттин стабилдештирүү фондунан бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, ушул сыяктуу иштер Ош шаарында да жүргүзүлүп жатат. Анда быйыл тургундар менен биргелешип каржылоо программасынын алкагында 70 көп кабаттуу үйдүн фасадын оңдоо пландалууда.
Ал эми Бишкекте фасаддарды жаңылоо иштери ШКУнун саммитине жана башка эл аралык иш-чараларга даярдыктын алкагында жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда айрым тургундар коопсуздук үчүн орнотулган терезе торлорунун алынуусуна жана кээ бир имараттардагы муралдардын сырдалып жатышына нааразычылыгын билдиришүүдө.



