Башкы беткеКоомКоррупция тууралуу эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот

Коррупция тууралуу эми “Түндүк” тиркемеси аркылуу билдирүүгө болот

Жарандар эми коррупциялык фактылар тууралуу “Түндүк2 мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн билдире алышат. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалыматтык саясат боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында Башкы прокуратура, «Укук» мамлекеттик мекемеси жана «Түндүк» ААК биргелешип жаңы санариптик кызматты ишке киргизди.

“Коррупция жөнүндө билдирүү” кызматы аркылуу жарандар коррупциялык укук бузуулар же мындай аракеттерге азгыруу фактылары тууралуу акысыз кайрылуу жөнөтө алышат.

Кайрылуу жөнөтүү үчүн “Түндүк” тиркемесинен тиешелүү кызматты тандап, электрондук форманы толтуруп, зарыл болсо далил катары материалдарды тиркөө керек.

Жөнөтүлгөн маалымат арыз ээсинин тандоосуна жараша Башкы прокуратурага же Ички иштер министрлигине кароого жөнөтүлөт.

“Бул кызмат коррупциянын алдын алуу, жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылуусун жеңилдетүү жана коомдун коррупцияга каршы күрөшкө катышуусун күчөтүү максатын көздөйт”, деп айтылат маалыматта.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар