Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖыл башынан бери "Балага сүйүнчү" төлөмүн 67 миңден ашуун бала алды

Жыл башынан бери “Балага сүйүнчү” төлөмүн 67 миңден ашуун бала алды

2026-жылдын 1-июлуна карата бала төрөлгөндө берилүүчү “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү 67 468 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган төлөмдү каржылоого 271,034 млн сом багытталды. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 65 967 балага «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү дайындалган.

Министрлик «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү мамлекет тарабынан үй-бүлөлөрдү колдоо максатында бала төрөлгөндө берилерин жана ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөрүн эскертет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар