15-июлга карата Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпысынан 842 адам, 56 техника жана 18 мотопомпа тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алардын ичинен ӨКМдин Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыктарынын райондук жана шаардык бөлүмдөрүнөн, ошондой эле республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 250 куткаруучу аймактарда үзгүлтүксүз иш алып барууда.
Министр Канатбек Чыныбаев кырсык болгон аймакка барып, калыбына келтирүү иштерин жеринде координациялоодо. Ал сел сууларын сордуруу, сел калдыктарын тазалоо жана чыгаруу, сел каналдарын кеңейтүү, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо иштеринин жүрүшүн жеке көзөмөлүнө алды.
Учурда бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана Жарандык коргонуу кызматтарынын күч-каражаттары селдин кесепеттерин жоюу жана жабыркаган калкка жардам көрсөтүү иштерин күчөтүлгөн тартипте улантууда.



