Башкы беткеМинистрлер кабинетиКасымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу зыйнатына катышты

Касымалиев Катардын мурдагы эмири менен коштошуу зыйнатына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Катар мамлекетине барып, өлкөнүн мурдагы Эмири шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу расмий коштошуу зыйнатына катышты.

Доха шаарында өткөн иш-чаранын алкагында Адылбек Касымалиев Катар Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугуп, Кыргызстандын мамлекет башчысынын атынан маркумдун жакындарына жана Катар элине көңүл айтты.

Расмий коштошуу аземи 13–15-июль күндөрү өтүп, ага бир катар өлкөлөрдүн президенттери, өкмөт башчылары, башкаруучу үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү жана жогорку даражалуу расмий адамдар катышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар