Башкы беткеЭкономикаТышкы инвестициялардын көлөмү 3 эсеге өстү

Тышкы инвестициялардын көлөмү 3 эсеге өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери негизги капиталга тартылган инвестициялардын көлөмү 204,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу инвестициялардын көлөмү ички жана тышкы каржылоо булактарынын өсүшүнүн эсебинен кыйла көбөйгөн.

Тактап айтканда, ички инвестициялар 1,5 эсеге өсүп, 166,7 млрд сомго жетсе, тышкы каржылоо булактары 3,2 эсеге көбөйүп, 37,6 млрд сомду түзгөн.

Инвестициялардын басымдуу бөлүгү турак жай курулушуна, транспорт жана жүк ташууну уюштуруу тармагына, пайдалуу кендерди казып алууга, электр энергиясы жана газ менен камсыздоого, кайра иштетүү өнөр жайына жана башка экономиканын негизги тармактарына багытталган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, негизги капиталга эң көп инвестиция Бишкек шаарында, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарында өздөштүрүлгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар