Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган “Социалдык контракт” программасын ишке ашырууну улантууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө боюнча 7042 социалдык контракт түзүлгөн. Программа аркылуу үй-бүлөлөргө киреше алып келүүчү чакан бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүлүүдө.
Белгиленгендей, социалдык контракттардын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагына туура келет. Программа аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн туруктуу киреше булагын түзүп, алардын экономикалык абалын жакшыртууга багытталган.



