Башкы беткеМинистрлер кабинетиКелерки жылдан тарта желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

Келерки жылдан тарта желим баштыктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат

Кыргызстанда айрым пластик буюмдардын жана полимердик пленкадан жасалган баштыктардын жүгүртүүсүн чектөө боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, пластик калдыктары айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирип, экологиялык көйгөйлөрдү күчөтүүдө. Ошондой эле пластиктин майда бөлүкчөлөрү адамдын ден соолугуна терс таасир этиши мүмкүн экени белгиленет.

Адистердин айтымында, пластик буюмдардын табиятта ажырашы жүздөгөн жылдарды талап кылат. Мисалы, полиэтилен баштыктар 100–200 жыл аралыгында гана чирип, айлана-чөйрөнү булгоочу булактардын бири болуп саналат.

Белгиленгендей, Кыргызстанда пластикти чектөө боюнча алгачкы кадамдар 2023-жылы башталган. Ошол жылдан тарта Ысык-Көл облусунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айрым пластик буюмдардын жана полимер пленкадан жасалган баштыктардын колдонулушуна чектөө киргизилген.

Эми 2027-жылдан тарта полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана айрым пластик буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу каралууда.

Министрлик ишкерлерди, өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды экологиялык таза альтернативдүү материалдарга өтүүгө даярдоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар