Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧүйдө дан эгиндери жыйналууда

Чүйдө дан эгиндери жыйналууда

Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунда быйылкы түшүмдү жыйноо өнөктүгү кызуу уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, завод Чүй облусундагы 700 гектардан ашык жерди иштетет. Бул аянттарда буудай, арпа, жүгөрү, беде, кант кызылчасы жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт.

Учурда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 100 гектар аянттагы арпа толук жыйналып бүттү. Ошондой эле 180 гектар жердеги буудайды жыйноо иштери уланууда.

Белгиленгендей, анын 70 гектарын Россиядан алынып келген «Алексеич» сортундагы буудай түзөт. Жыйналган түшүм үрөндүк жана сатууга арналган болуп бөлүнүп, атайын кампаларда сакталууда.

Завод быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бардык түрү боюнча мол түшүм алууну жана сапаттуу үрөн базасын камсыздоону пландап жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар