16-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Тараптар акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын белгилешти. Анын ичинде өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 27 млрд долларга жеткени, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.
Ошондой эле мамлекеттик чек арадагы “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышы жана “Бедел–Барскоон” автожолунун курулушу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлордун мааниси белгиленди.
Жолугушууда айыл чарба, саламаттык сактоо, транспорт жана бажы инфраструктурасы, атайын техникалар менен камсыздоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо багыттарында 11 ири долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер талкууланды.
Тараптар бул маселелер Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынында дагы караларын белгилешти. Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюуга даярдык көрүү зарылдыгы айтылды.


