Башкы беткеМаданиятКыргыз театры Франциядагы дүйнөлүк фестивалда өз өнөрүн тартуулады

Кыргыз театры Франциядагы дүйнөлүк фестивалда өз өнөрүн тартуулады

Франциянын Авиньон шаарында өтүп жаткан дүйнөдөгү ири көз карандысыз театр фестивалдарынын бири — “Avignon Off 2026” эл аралык театралдык фестивалында Кыргызстандын маданий кечеси уюштурулду.

Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен мамлекеттик “Учур”  жаштар театрынын чыгармачылык программасынын алкагында өттү.

“Борбор Азия күндөрү: Кыргызстан” маданий программасында конокторго кыргыз театр өнөрүн тааныткан видеопрезентация көрсөтүлүп, улуттук сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле келгендерге кыргыздын улуттук тамак-аштары тартууланып, музыкалык программа сунушталды.

Маданий кечеге Франциянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Кытайдын Франциядагы консулдук өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Авиньон шаарынын муниципалдык кеңешчиси, “Avignon Off” фестивалынын жетекчилиги, маданият ишмерлери, театр адистери жана эл аралык фестивалдын катышуучулары катышты.

Коноктор кыргыз маданиятына жогорку баа берип, мындай иш-чаралар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө чоң салым кошорун белгилешти.

Белгилей кетсек, “Учур” жаштар театры фестивалдын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Бугу Эне” спектаклин тартуулайт. 

Спектаклдин премьерасы 2026-жылдын 16-июлунда өтүп, көрсөтүүлөр 25-июлга чейин уланат.

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар