«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы Балыкчы – Кочкор жаңы темир жол тилкесинде жолду пайдаланууга даярдоо боюнча акыркы иштерди жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, бул иштерде алгачкы жолу «Казакстан темир жолу» акционердик коому убактылуу пайдаланууга берген заманбап ВПО-С үлгүсүндөгү атайын техника колдонулууда. Анын жардамы менен темир жол түздөлүп, шпалдар тапталып жана жолдун туруктуулугу камсыздалууда.
Адистердин айтымында, мындай техника темир жолдун геометриялык тактыгын жогорулатып, поезддердин коопсуз жүрүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле курулуш иштеринин сапатын арттырып, алардын аткарылышын тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Белгиленгендей, бул иштер жаңы темир жол линиясын куруунун акыркы этаптарынын бири болуп саналат. Балыкчы – Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 чакырымды түзөт.
Учурда темир жол тилкесинин жана Кочкор станциясындагы эки кабаттуу имараттын курулушу аяктоо алдында турат.



