Кыргызстанда жол кырсыктары оор жаракаттардын, майыптуулуктун жана өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөнүн стационарларында жаракат алып дарыланган чоңдор менен өспүрүмдөрдүн саны 5 миң 12 адамды түзгөн. Алардын 1 280и же 25,5 пайызы жол кырсыгынан жабыркаган.
Ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында жол кырсыгынан кийин 255 бейтап стационардык дарылоодон өткөн.
Министрлик балдардын арасында жол кырсыгынан жабыркагандардын саны да тынчсыздануу жаратып жатканын белгилейт. 2025-жылы Шаардык балдар тез медициналык жардам клиникалык ооруканасынын травмпунктуна жол кырсыгынан кийин 1 866 бала кайрылып, алардын 443ү ооруканага жаткырылган. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1057 бала медициналык жардам сурап кайрылып, алардын 287си стационардык дарылоого муктаж болгон.
Жол кырсыгынан жабыркагандарга тез жардам кызматкерлери, реаниматологдор, травматологдор, нейрохирургдар жана башка адистер шашылыш медициналык жардам көрсөтүшөт. Оор жаракаттардан кийинки калыбына келүү айрым учурларда бир нече айга, ал тургай жылдарга созулушу мүмкүн.
Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, белгиленген ылдамдык режимин бузбоого, коопсуздук курун тагынууга, мас абалында унаа башкарбоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.



