Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Франция биргелешкен музей көргөзмөлөрүн ачат

Кыргызстан менен Франция биргелешкен музей көргөзмөлөрүн ачат

Улуттук тарых музейинде Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, эки тараптуу маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

Жолугушууга музейдин директору Назгүл Өмүрзакова, Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай, элчиликтин маданият боюнча атташеси Этьен Лансело, Француз альянсынын маданият боюнча координатору Дженнифер Корнез жана альянстын өкүлү Гүзел Ишенова катышты.

Тараптар музейлер аралык кызматташууну кеңейтүү, адистердин тажрыйба алмашуусун уюштуруу, биргелешкен көргөзмөлөрдү өткөрүү, музей коллекцияларын эл аралык деңгээлде жайылтуу жана гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Ошондой эле Назгүл Өмүрзакова Улуттук тарых музейинин алтын коллекциясына арналган буклеттин жарык көрүшүнө жана аудиогиддин француз тилиндеги версиясын даярдоого көрсөткөн колдоосу үчүн Франция элчилигине ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашырууну, музей кызматкерлеринин кесиптик тажрыйба алмашуусун күчөтүүнү жана эки өлкөнүн музей тармагындагы кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүнү макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар