Бүгүн, 16-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде видеоконференция форматында мигранттардын эмгек ишмердүүлүгү жана социалдык коргоо маселелери боюнча Биргелешкен кыргыз-орус жумушчу тобунун 18-жыйыны өттү.
Министрликтин маалыматына ылайык, жыйынга эки өлкөнүн эмгек, тышкы иштер, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар мурунку жолугушууда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын карап чыгып, миграциялык кырдаал, статистикалык маалыматтар жана эмгек миграциясы жаатындагы мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөрүүлөрдү талкуулашты.
Өзгөчө көңүл Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына байланыштуу маселелерге бурулду.
Жыйындын соңунда кыргыз жана орус тараптары кызматташууну улантууга жана эмгек мигранттарынын укуктук жана социалдык корголушун камсыздоо боюнча маселелерди биргелешип чечүүгө даяр экенин ырасташты.



