Башкы беткеКоомВиртуалдык тузак, өмүр менен ойногон оюндар

Виртуалдык тузак, өмүр менен ойногон оюндар

Бүгүнкү күнү биз жашап жаткан коомду интернетсиз, смартфондорсуз же социалдык тармактарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Технологиялык прогресс адамзаттын жашоосун болуп көрбөгөндөй жеңилдетип, маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейткени менен, анын көмүскө тарабы өсүп келе жаткан жаш муундун келечегине олуттуу коркунуч туудурууда.

 

Санариптик чөйрөдө балдардын коопсуздугун коргоо коомдун да, ар бир үй-бүлөнүн да башкы көйгөйүнө айланды. Анткени баланын колундагы кичинекей гаджет дүйнөгө ачылган терезе, ошол эле учурда эч кандай иргелбестен көзөмөлсүз калган, миңдеген коркунучтарды камтыган виртуалдык башаламандык. Мындай виртуалдык башаламандыкта баланы жалгыз калтыруу аны агымдын соккусуна атайлап таштап коюу менен барабар. Мына ушундай алааматта ата-эне гана баланын башкы коргоочусу, куткаруучусу жана туура жол көрсөтүүчүсү боло алат.

 

Тилекке каршы, учурда ата-энелердин көбү балага телефон карматып коюуну убактылуу тынчтыктын же баланы алаксытуунун эң оңой жолу катары көрүшөт. Бирок бул «тынчтыктын» артында кандай чоң трагедия жатканын көбү аңдап биле бербейт. Санариптик дүйнөнүн эң оор кесепети – балдардын реалдуу жашоодон толук ажырап, виртуалдык дүйнөдө жашап калышы. Бүгүнкү күндө балдар интернеттеги ар кандай каармандарды, блогерлерди же жасалма образдарды идеал тутуп, аларды туурап башташты. Мисалы, ТикТок же Ютуб платформаларындагы кооптуу азгырыктарды кайталайм деп, ден соолугуна зыян келтирген, атүгүл өмүрүнөн айрылган өспүрүмдөрдүн окуялары дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө да байма-бай кездешип жатат. Бала экрандын артындагы жашоону жалгыз чындык катары кабыл алып, өзүнүн чыныгы жашоосундагы милдеттерин, окуусун, курбу-курдаштары жана ата-энеси менен болгон жандуу байланышын жоготот. Алар реалдуу дүйнөнүн кыйынчылыктарынан, ата-энесинин суроо-талаптарынан качып, өздөрү үчүн коопсуз жана эч кандай жоопкерчилик талап кылбаган виртуалдык иллюзияга баш калкалашат. Бул болсо баланын инсан катары калыптанышын басаңдатып, коомго аралашуу жөндөмүн толугу менен талкалайт.

 

Виртуалдык дүйнөнүн дагы бир үрөй учурган тарабы – бул агрессивдүү, уятсыз жана зордук-зомбулукту камтыган жаман контенттердин жеткиликтүүлүгү. Интернет алгоритмдери баланын курагын тандабайт, бир жолу кокустан басылган шилтеме баланын экранына үрөй учурган кандуу оюндарды, порнографиялык материалдарды же мазактоо, зордуктоо камтылган видеолорду бериши мүмкүн. Мындай контенттер өсүп келе жаткан баланын калыптана элек, назик психологиясына орду толгус сокку урат. Психикасы бузулган бала агрессивдүү болуп өзгөрөт, уйкусу качат, коркунучтар пайда болот же тескерисинче, айланасындагы зордук-зомбулукка карата сезимталдыгы жоголуп, таш боордукка үйрөнөт.

 

Мындан да коркунучтуусу, акыркы жылдары өспүрүмдөрдү суицидге, б.а. өз өмүрүн кыюуга түрткөн ар кандай жашыруун виртуалдык топтор жана оюндар («Көк кит» жана анын заманбап аналогдору сыяктуу) кибердүйнөнүн көрүнбөгөн тузагына айланды. Бул оюндардын артында баланын психологиясын эң сонун билген, манипуляция кылган кылмышкерлер турат. Алар баланын жалгыздыгынан, ата-энеси менен болгон түшүнбөстүктөрүнөн пайдаланып, аны акырындык менен кибердүйнөгө жетелейт. Бала өзүн туңгуюкка кептелгендей сезип, коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам бул тууралуу ата-энесине айта албай, акыры эңөкүнүчтүү кадамга барат. Бул ата-энелик көзөмөлдүн жана ишенимдин жоктугунан келип чыккан эң чоң трагедия.

 

Бул көйгөйлөрдүн тамыры кайда жатат? Негизги себеп үй-бүлөлүк тарбиянын алсырашында жана ата-эне менен баланын ортосундагы эмоционалдык байланыштын үзүлүшүндө. Азыркы заманда ата-энелер материалдык муктаждыктарды камсыз кылуунун артынан чуркап, балага эң керек болгон көңүл бурууну, убактысын жана мээримди бербей калышты. Жумуштан чарчап келген ата-эне балага суроо берип, анын көйгөйүн уккандын ордуна, тынч отурсун деп колуна телефонду кармата салат. Ушул учурдан тартып баланын чыныгы тарбиячысы ата-эне эмес, интернет жана андагы белгисиз бирөөлөр болуп калат. Үй-бүлөдөгү уруш-талаш, балага карата орой мамиле же кайдыгерлик аны виртуалдык дүйнөгө ого бетер түртөт. Эгер бала үйдөн колдоо, түшүнүү таппаса, аны интернеттен издейт. Ал жерден тапкан «достору» же «акыл үйрөтүүчүлөрү» аны каалаган багытына карай жетектеп кетишет. Санариптик коопсуздук бул техникалык чектөө эмес, бул биринчи кезекте үй-бүлөдөгү дени сак психологиялык чөйрө.

 

Гаджеттердин зыяны тууралуу айтканда, биз көбүнчө курулай эскертүүлөр менен чектелип калабыз, бирок бул тармактын эң жогорку чокусунда турган, заманбап технологияларды өз колу менен жараткан генийлердин өз үй-бүлөсүндөгү мамилеси кандай болгонуна назар салсак, маселенин канчалык олуттуу экенин дароо түшүнөбүз. Дүйнөнү өзгөрткөн «Apple» компаниясынын негиздөөчүсү Стив Джобс, заманбап замандын технологиялык магнаты Билл Гейтс же социалдык тармактардын падышасы Марк Цукерберг балдарынын колуна гаджеттерди карматууда өтө катаал чектөөлөрдү коюшкан. Стив Джобс өзү берген маектеринин биринде балдарына жаңы чыккан iPad планшеттерин такыр колдондурбаганын жана үйүндө технологиядан алыс, жандуу баарлашууга негизделген чөйрө түзгөнүн ачык эле моюнга алган. Билл Гейтс болсо балдарына 14 жашка толгонго чейин уюлдук телефон алып берген эмес, ал эми андан кийин да компьютер менен телефон колдонуу убактысын суткасына 1-2 сааттан ашырган эмес. Бул генийлер өздөрү ойлоп тапкан алгоритмдердин, социалдык тармактардын жана оюндардын адамдын, өзгөчө баланын психологиясын кантип тузакка түшүрөрүн ичинен эң сонун билишкен. Алар өздөрү жасаган продукциянын адамды көз каранды кылуучу «санариптик баңгизат» экенин аңдап билип, өз канынан жаралган балдарын бул коркунучтан калкалап калууга умтулушкан. Эгер бул куралдарды дүйнөгө жайылткан адамдар ушунчалык кооптонуп жатышса, анда биз, катардагы ата-энелер, эмне үчүн балдарыбызды бул агымга бейкам таштап койдук деген суроо туулат.

 

Бул көзөмөлсүздүктүн жана бейкамдыктын эң башкы кесепети виртуалдык дүйнөнүн баланы бара-бара тереңжалгыздыктын сазына тартып кетиши. Сырттан караганда, интернетте миңдеген «достору», жүздөгөн «лайктары» бар бала абдан популярдуу жана бактылуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул болгону жасалма, экрандын артындагы гана иллюзия. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бала экран алдында канчалык көп убакыт өткөрсө, анын реалдуу жашоодогу жалгыздык, кооптонуу жана депрессия деңгээли ошончолук жогору болот. Виртуалдык дүйнө балага жасалма ишенимдүүлүктү берет, бирок ал жерде жандуу адамдык жылуулук, көздөрдүн тиктешүүсү, кучактоо же чыныгы достуктун колдоосу жок. Бала өзүнүн чыныгы сезимдери, коркунучтары жана ички дүйнөсү менен жалгыз калат. Бул санариптик жалгыздык өспүрүмдү айлана-чөйрөдөн, ата-энеден толугу менен обочолонтуп, аны коомго аралаша албаган, өзүнө ишенбеген жана турмуштун кичинекей эле соккусуна туруштук бере албаган алсыз адамга айлантат. Ошентип, миллиондогон колдонуучулар туташкан глобалдык тармак ар бир баланы өз бөлмөсүндө жалгыз калтырып, акырындык менен анын жан дүйнөсүн жеп бүтөт.

 

Бул санариптик көз карандылыктын жана жалгыздыктын эң чектен чыккан, үрөй учурган көрүнүшү, дүйнө жүзүндө өспүрүмдөрдүн интернет оюндарын суткалап ойноп, компьютердин алдында түз эле мүрт кеткен учурларынын көбөйүшү. Бул жөн эле коркунучтуу жомок эмес, бул бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. Түштүк Кореяда, Кытайда, Орусияда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө өспүрүмдөр онлайн оюндардын кумарына батып, 30-40 сааттап тынбай, тамак ичпей, уктабай оюн ойноп, акыры жүрөгү токтоп же мээсине кан куюлуп каза болгон ондогон окуялар катталган. Оюндун ичиндеги жасалма жеңиштер, деңгээлдерди багындыруу каалоосу баланын мээсиндеги адреналин менен дофаминдин деңгээлин ушунчалык көтөрүп жибергендиктен, бала өз денесинин чарчаганын, ачка болгонун же суусаганын сезбей калат. Алар реалдуу дүйнө менен байланышты үзүп салгандыктан, виртуалдык каармандын өлүмүн өзүнүн өлүмүндөй кабыл алып, жеңилип калганда ачууланып, ар кыл жагдайларга барышат.

 

Мындай окуялар дүйнөлүк коомчулукту ушунчалык чочулаткандыктан, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму компьютердик оюндарга болгон көз карандылыкты расмий түрдө психикалык оорулардын тизмесине киргизди. Өспүрүмдөрдүн виртуалдык дүйнө үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалуусу, бул коомдун жана үй-бүлөнүн чоң жеңилиши. Баланын суткалап телефондо же компьютерде отурганын байкабаган, же ага маани бербеген ата-эне качан гана баласынан айрылганда гана кеч түшүнөт. Санариптик чөйрөдөгү бул согушта биз балдарыбызды көрүнбөгөн душманга алдырып жатабыз. Ошондуктан, баланын смартфондорду колдонуу убактысын 1-2 саатка чектөө, анын эмне менен алек болуп жатканын көзөмөлдөө жана эң башкысы, ага виртуалдык дүйнөдөн алда канча кооз, кызыктуу жана коопсуз болгон чыныгы жашоонун, ата-энелик мээримдин дүйнөсүн тартуулоо, ар бир эне менен атанын эңыйык парзы. Эгер бүгүн биз балдарыбызды экрандын артынан сууруп чыкпасак, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

 

Бул коркунучтуу тузактан жана санариптик кризистен чыгуунун кандай жолдору бар? Эң биринчи кезекте, ата-энелер өздөрүнүн жоопкерчилигин терең сезип, баланын виртуалдык жашоосун көзөмөлгө алууну үй-бүлөлүк эрежеге айландыруусу зарыл. Бирок бул жерде көзөмөл дегенди баланын телефонун күч менен тартып алуу, тилдөө же урушуу деп түшүнбөө керек. Мындай орой ыкмалар баланы ого бетер туңгуюкка кептеп, сырын жашырууга мажбур кылат. Тескерисинче, ата-эне баланын санариптик жол көрсөтүүчүсү жана ишенимдүү досу болушу шарт. Бала интернетте кандайдыр бир коркунучтуу же түшүнүксүз контентке туш болгондо, коркпостон, жазалануудан чочулабастан, түз эле ата-энесине келип айта алгыдай ишенимдүү чөйрө түзүү керек. Ата-эне баласы менен бирге интернеттеги маалыматтарды талдап, эмне жакшы, эмне жаман экенин, виртуалдык дүйнөдөгү адамдардын баары эле ишенимдүү эмес экенин кичинекей кезинен баштап түшүндүрүшү абзел.

 

Муну менен катар, үй-бүлөдө гаджеттерди колдонуунун так жана катуу эрежелерин киргизүү зарыл. Мисалы, тамактануу учурунда, уктаар алдында бир саат мурун же үй-бүлө чогулган учурларда телефондорду толугу менен өчүрүү же башка бөлмөгө коюу эрежесин киргизсе болот. Бул эрежени ата-эне өзү да так сактап, балага үлгү көрсөтүшү керек, анткени өзү телефондон баш тарта албаган ата-эненин балага айткан акылы эч качан таасир этпейт. Ошондой эле, заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен баланын телефондоруна атайын «Ата-энелик көзөмөл» (Parental Control) программаларын орнотуу зарыл. Бул программалар балага жаш өзгөчөлүгүнө туура келбеген сайттарга кирүүгө бөгөт коюп, анын телефондо канча убакыт отурганын жөнгө салууга жардам берет.

 

 

Эң башкысы, виртуалдык дүйнөнү алмаштыра турган реалдуу, кызыктуу альтернативаларды түзүү керек. Баланы спортко, ийримдерге, китеп окууга, жаратылыш койнунда сейилдөөгө жана биргелешкен үй-бүлөлүк оюндарга тартуу зарыл. Бала реалдуу жашоодон ырахат алып, өзүнүн ийгиликтерин сезип, ата-энесинин сүйүүсүнө бөлөнгөндө гана анын виртуалдык дүйнөгө болгон көз карандылыгы өзүнөн-өзү азаят. Баланын коопсуздугу – бул биздин келечегибиздин коопсуздугу. Санариптик доордун чакырыктарына каршы турууда ата-энелердин сергектиги, мээрими жана туура үй-бүлөлүк тарбиясы гана балдарыбызды көрүнбөгөн виртуалдык коркунучтардан сактап кала алат.

 

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар