Башкы беткеЭкономикаКыргызстан менен Өзбекстан эркин экономикалык аймактар боюнча тажрыйба алмашат

Кыргызстан менен Өзбекстан эркин экономикалык аймактар боюнча тажрыйба алмашат

Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү Ангрен шаарындагы “Ташкент” эркин экономикалык аймагына иш сапары менен барып, анын жетекчилиги менен кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушууда Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен “Ташкент” эркин экономикалык аймагынын дирекциясынын директору Галибжан Эшмирзаев эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Тараптар кыргыз жана өзбек ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана жаңы ишкердик байланыштарды түзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанисине токтолушту.

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы эркин экономикалык аймактагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле салыктык жана бажылык жеңилдиктер менен таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эркин экономикалык аймактарды башкаруу жаатында тажрыйба алмашууну, биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүнү жана тиешелүү мекемелердин ортосунда туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар