Башкы беткеКоомБишкекте саммитке карата 24 миң чарчы метр жерге газон төшөлдү

Бишкекте саммитке карата 24 миң чарчы метр жерге газон төшөлдү

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдыктын алкагында Бишкекте көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.

“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, борбор калаада Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.

Маалыматта айтылгандай, “Манас” эл аралык аэропортуна баруучу жолдогу транспорттук түйүндө 24 миң чарчы метр аянтка газон себүү иштери аяктаган. Учурда аны сугаруу жана багуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле 16 миң чарчы метр жерге күндөн коргоочу тор орнотулуп, 14 миң 200 чарчы метр аянтка геотор төшөлүп, газон чөптөрү себилген.

Мындан тышкары, шаар аймагында бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат. Борборду саммитке даярдоо боюнча иштер белгиленген графикке ылайык улантылууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар