Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Европа Биримдиги айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Европа Биримдиги айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Реми Дюфло менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда ирригация жана суу чарбасынын инфраструктурасын модернизациялоо, сууну үнөмдөөчү технологияларды жана санариптик чечимдерди жайылтуу, ошондой эле органикалык дыйканчылыкты жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле Европа Биримдигинин, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана башка европалык каржы институттарынын колдоосу менен жалпы баасы 86 миллион евродон ашкан суу чарба долбоорлору ишке ашырылып жатканын белгилешти. Мындан сырткары, өткөн жылы Кыргызстандын суу чарба тармагындагы реформаларды колдоо үчүн бөлүнгөн 17 миллион евролук гранттык макулдашуунун аткарылышы каралды.

Жолугушууда кыргыз айыл чарба продукциясынын Европа Биримдигинин рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, продукциянын сапатын жогорулатуу, лабораториялык базаны чыңдоо жана эл аралык стандарттарды киргизүү маселелерине да көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар