Министрлер Кабинети мунай жана мунай продуктуларын алып кирүү жана алып чыгууну жөнгө салган тартипке өзгөртүү киргизип, ички рынокту коргоо жана күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу максатында колдонулуп жаткан чектөөлөрдүн мөөнөтүн узартты.
Токтомго ылайык, 2027-жылдын 1-апрелине чейин мунайдын жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн автотранспорт менен Кыргызстанга алып кирүүгө байланыштуу убактылуу жеңилдетилген тартип сакталат.
Ошол эле учурда документке киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, күйүүчү майды алып чыгууга коюлган чектөө эми ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкаркы өлкөлөргө гана эмес, бардык мамлекеттерге карата колдонулат.
Мындан тышкары, ички рынок толук камсыздалганга чейин же ЕАЭБдин бирдиктүү мунай жана мунай продуктулары рыногу түзүлгөнгө чейин мунайды жана мунай продуктуларын (ТЭИ ТН коддору 2709 жана 2710) автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу өлкөдөн алып чыгууга убактылуу тыюу күчүндө калат.
Өзгөчө учур катары өкмөттүн чечими менен кайра иштетүү үчүн өлкөдөн чыгарылып, кийин кайра Кыргызстанга кайтарылуучу нафта, мазут жана меш отуну, ошондой эле транспорт каражаттарынын штаттык күйүүчү май бактарындагы күйүүчү май бул чектөөгө кирбейт.
Экономика жана коммерция министрлигине кабыл алынган чаралар тууралуу Дүйнөлүк соода уюмун жана Евразия экономикалык комиссиясын маалымдоо, Тышкы иштер министрлигине КМШнын Аткаруу комитетине кабарлоо тапшырылды. Ал эми Бажы кызматы менен Чек ара кызматына мунай жана мунай продуктуларын мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюу милдети жүктөлдү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдардын негизги жеткирүүчүсү болгон Россия күйүүчү майды экспорттоого убактылуу тыюу салган. Мунун фонунда Кыргызстан өкмөтү ички рынокто тартыштыкка жана баалардын өсүшүнө жол бербөө үчүн бир катар чараларды көрүүдө. Алардын арасында импортту субсидиялоо, күйүүчү майдын баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу, акциз төлөмдөрүн кийинкиге жылдыруу жана жеткирүүнүн альтернативдүү багыттарын издөө каралган.



