Башкы беткеСаясатСогуш жана тынчтык маданияты

Согуш жана тынчтык маданияты

Жакында Азербайжандын Шуша шаарында “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын тынчтыкты сактоодогу ролу: чындык менен менен ишенимди калыбына келтирүү” деген ураан астында глобалдык медиафорум өттү. Ондогон мамлекеттен өкүлдөр катышкан медиа жыйында согуш жана тынчтык маселелери, жаңжалдарды болтурбоо жана басууда журналисттердин миссиясы, тынчтыкты орнотууда медианын ролу, маалымат мейкиндигинде дезинформацияга жана кастыкты козутуучу аракеттерге каршы күрөш сыяктуу талылуу проблемалар талкуунун бутасына алынды. Шартка жараша Шушадагы форумга катыша албадым, бирок айтууга тийиш айрым ойлорум менен бөлүшөйүн.

Адамзаттын проблемаларын адам жаратат, демек өзү гана чечүүгө тийиш жана милдеттүү

Адамзат башынан 14 миң ашык ири согушту кечирген, анын ичинен ХХ кылымда эле 2 дүйнөлүк согушту, жаңы доордо согуш аталбаса да куралдуу жаңжалдарды башынан кечирүүдө. Эки дүйнөлүк согуштун азабын көргөн улуттар Бириккен Улуттар Уюмун негиздегенде болочоктогу муундарды согуш азабынан азат кылуу максатын көздөгөн. БУУ ошон үчүн түзүлгөн. Эң сонун. Бирок, Африканын, Азиянын, Жакынкы Чыгыштын айрым аймактарында жана өлкөлөрүндө куралдуу жаңжалдар басылбай келет. Орус-украин кандуу кармашы токтой электе, АКШ-Иран чатагы дүйнөгө бүлүк салды. Аталган аймактардагы согуштардын кесепети ошол аймак менен чектелбейт экен. Башка өлкөлөргө түрдүү деңгээлдеги жана масштабдагы залакасы тийүүдө. Миндеген адамдар курман болуп, он миңдеген адам качкын-бозгун. Курмандуктардан тышкары, куралдуу жаңжалдардын, гибриддик кармаштардын социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка кесепети эсепсиз. Ошол трагедиялуу процесстердин көбү “согуш” аталбайт, “конфликт”, “локалдык жаңжал”, этникалык же диний “кагылыш”, “куралдуу кармаш зоналары”, “аскерий операция”, айтор башкача аталат. Ар кандай дефиниция ошол нерсеге карата мамилени аныктайт. Адамзат башынан кечирген трагедияларды жана алдыда турган проблемаларды адам жараткан. Демек адамзат өзү гана чечүүгө тийиш жана милдеттүү. Бул учур жана келечек алдын да жоопкерчилик. Ири алдыда саясатчылардын, лидерлердин, алар менен ырыскылаш диний ишмерлердин жана бизнесмендердин жоопкерчилиги.

Медиа-дипломатия конфликтке чейин, конфликт убагында жана андан кийин да абдан зарыл

Албетте, журналисттер согуштарды, жаңжалдарды чагылдырат, баяндайт. Кармашкан тараптардын өз чындыгы бар. Салгылаштарда бир тарап жеңдим дейм, экинчи тарап аны тактикалык чегинүү деп атайт. Эки тараптын тең айтканын текшерүү татаал, кээде эч мүмкүн эмес. Бирок журналисттер чыр-чатакьтын жүрүшүн гана эмес, тараптарды элдештирүүчү, чырдашкандарды жараштыруучу жагдайларды айтуусу абзел. Дал ушул жерде медианын ролу талашсыз. Демек медиа-дипломатия конфликтке чейин, конфликт убагында андан кийин да абдан зарыл нерсе. Империялар жана кубаттуу державалар көп убакта кимдир бирөөөлөр менен кармашып же кармашты өбөлгөлөп, чыр чыгарып турат. Согушту карапайым эл каалабайт жана баштабайт. Чакан өлкөлөр да чырдан качат, жаңжалдан оолак болгусу келет. Бизнестин же диндин атын жамынган кусаматчыл ар кандай топтордун тукуруусу менен, кай бир амбициялардан улам саясатчылар баштайт. Анткени, шыкакталабы же өзү каалайбы, айтор согуш тууралуу чечимди ошолор кабыл алат. Журналисттердин башкы миссиясы – тынчтыкты орнотуу, бери дегенде ортомчу болуу, колдон келсе согушту болтурбоо. Жамандык кылуудан жакшылык кылуу кыйла оор, анын интеллектуалдык, моралдык, материалдык түйшүгү арбын. Согушту баштоо жеңил, токтотуу өтө кыйын. Коомдук пикир жаратып, кол салуу, ээлеп алуу, басып алуу, ок атуу, жаңжал чыгаруу тууралуу чечим кабыл алуучуларды ооздуктоо медианын колунан келет. Ошондуктан журналисттер, блогерлер, маалымат каражаттары ар кандай чыр-чатактын алдын алуу, а кокус чатак чыкса, ийге келтирүү саясатын жүргүзүү ушул замандагы башкы миссиясы экенин жадынан чыгарбоосу кажет.

Тынчтык маданиятын калыптандыруу – тарбиянын башкы парадигмасы

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80- сессиясында сүйлөгөн сөзүндө (23-сентябрь, 2025-ж.) жаштар арасында тынчтык идеясынын баалуулугун бекемдөөнү демилгелеген: “Жаш муундарды өзөктүк куралсыз дүйнөнү кабылдоого тарбиялашыбыз керек! Жаш муундардын арасында массалык кыргын салуучу куралдарды колдонуунун кыйратуучу кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Кыргыз тараптын демилгеси менен жана БУУга мүчө мамлекеттердин колдоосу аркылуу Куралсыздануу боюнча эл аралык агартуу күнүнүн концепциясын ишке ашыруу эң сонун аянтча болмок”.

Президенттин демилгесинин актуалдуулугу талашсыз жана соңку мезгилде ого бетер мааниси артууда. Киши баласы үчүн жокчулукка караганда барчылыктын, азапка караганда жыргалчылыктын, кайгыга караганда кубанычтын сыноосу алда канча кыйын. Согуштук шартка адамзат көнүүгө же согуштун болмогу анык деген ишеним бекемделүүгө тийиш эмес. Американын эң атактуу президенти Жон Кеннеди 1963-жылы, дүйнө кырды-бычак болуп, АКШ менен СССР бири бирине кол салууга камданып турган кыйчалыш кезде Вашингтон университетинин студенттеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө таасын белгилегендей, “согуш маңдайга жазылган, тынчтык эч качан орнобойт деген аныктама эң коркунучтуу, адамзатты туңгуюкка такаган бейжоопкерлик”. Кеннединин студенттерге арналган, а чындынгында жалпы дүйнөгө багытталган ушул даңазалуу сөзү тарыхта “Кеннединин тынчтык сөзү” деген ат менен калды

Улут лидери Садыр Жапаровдун бүткүл дүйнөлүк уюмдун трибунасында көтөргөн демилгеси ири алдыда биздин өлкөдө кубаттоого алынып, жүзөгө ашууга тийиш. Мамлекет башчысынын ушул демилгесин жайылтуу, колдоо жана майнаптуу ишке ашыруу боюнча көп аракет жумшоо абзел. Ири алдыда илимий жана агартуу институттары Президенттин демилгесин илгерилетүү боюнча өлкөдө жана сыртта өткөрүлө турган арналуу иш чаралардын, студенттер менен окуучулар арасында илимий-агартуучулук, маданий-интеллектуалдык долбоорлордун жол картасы түзүлүп, ырааттуу алгоритм иштелип чыгышы керек. “Кыргыз Туусу” гезити Бишкек мамлекеттик университети менен биргеликте “тынчтык сабагынын” программасын, “тынчтык маданиятын” калыптандыруунун моделинин долбоорун түзүүгө ниеттенүүдө. Маселен, шарттуу түрдө айтканда, “тынчтык сабактарынын модели”, “тынчтык маданиятынын” концептери, программасы, формалары ж.б. даярдалууга тийиш. Биздин мындай жаратман аракеттер сырт дүйнөгө да дурус белги берип, Кыргызстан өзү сунуштаган идеяларын жерде калтырбай, ишке ашырууга ниети бекем экенин айгинелемекчи.

Андан тышкары, Кыргызстан иштеп чыккан жана демилгелеген “тынчтык сабактарынын модели жана тынчтык маданияты” БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү катары биздин өлкөнүн дүйнөгө тынчтык идеясын жүзөгө ашырууга изги салым болмокчу. Биздин өлкө иштеп чыккан “тынчтык сабактарынын модели жана тынчтык маданиятынын” концепттери сырт дүйнөгө ыктуу сунушталган соң, аны ийгиликтүү апробациялоо, жайылтуу боюнча иш жүргүзүү зарыл. Кыргызстан сунуштаган тынчтык маданиятын калыптандыруунун үлгүсү ийгиликтүү ишке ашса, анда эл аралык аренада биздин кадыр-баркка изги таасир этери шексиз.

Алмаз Кулматов, башкы редактор

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар