Башкы беткеЭкономикаӨлкөбүз өнүгүү жолунда

Өлкөбүз өнүгүү жолунда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөбүздүн тышкы карыздарынын көлөмү боюнча түшүндүрмө берип,  аны өлкөнүн  ички дүң өнүмүнүн  көлөмүнө карата жараша баалоо керектигин медиага берген интервьюсунда баса белгилеп, такыр кооптонууга негиз жок экендигин айтканы – кыргыз элинин келечегинен үмүт жандырат.

 

Артка кылчая карап саресеп салсак, “эгемен доорго жете келдик” деп дердеңдегенибиз менен ал кездерде алган карыздарыбыз кайда жумшалганы дайынсыз болуп, коррупциянын сазына батып, мурдагы атка минерлерибиз  “шапкесин алмайын папкесин ачпаган” адат таап, ошого жараша карыз үстүнө карыз алына берип, өлкөбүз ширеңке да чыгара албаган абалга кептелген учурун кантип унутууга болот?

 

Ошол ары катаал, ары татаал, өкүнүчү мол өткөөл кезеңде энергетика, жолдорду жаңылоо, завод, фабрикаларды куруу, жаңы иш орундарын түзүү маселелери түшкө да кирбей,  ойду омкоруп, тоону томкороор жаш улан-кыздарыбыз чет мамлекеттерге чилдей тарап, сан азап-тозокторду, кыйынчылыктарды баштан кечирип, жан багуунун  түрдүү арга-амалдарын издеп, турмуш-жагдайга жараша барган жерлеринен эптеп-септеп орун-очок таап кетсе, эми кайра да да бир ирет тамыр жайган ордуларынан козголуп, мекенине, туулган жерине кайтып келүү жагы да өзүнчө көйгөй болуп калган жагы  бар.

 

Канткен менен, эгемендиктин  алгачкы жылдары эртеңки күндүн жарык атышынан да күмөн санап калган  уул-кыздарыбыз, келечек муун мындан ары өнүккөн Кыргыз Республикасынын тагдырын колго алып, багытын аныктоого өз салымдарын кошооруна үмүтүбүз зор.

 

Бир кезде өлкөбүздө жумуш орундарын табуу, өлкө ичиндеги козу карындай жайнап, саны бар, сапаты жок окуу жайларынан алган кесибине жараша кызматка орношуу чоң көйгөй жаратып келсе, эми кайсы гана тармакта болбосун кесипкөй адиске жаңы жумуш орундарын сунуштап, ири көлөмдөгү маяналарды убадалап жаткан ишканаларыбыз четтен табылат.

 

Баш калаабыз Бишкекте, жети облустун борборлорунда миңдеген жаңы ишканалардын, жолдордун, ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулуштары кеңири кулач жайып, ал гана эмес алыскы элет райондоруна дейре жеткенин көздөрү эмес, көөдөнү сокур, койнунда котур ташы бар, кытмыр, өзгөчө мурунку бийликтин дорбосунан жем жеп калгандар эле көрбөй калбаса, карапайым эл, адал эмгеги, маңдай тери менен жан баккан дыйкандар, мезгилдин күрөө тамырын кармап, келечегин  даана көрө билген фермерлер, келечектүү иштин туура багытын баамга алган ишкерлер даана көрүп турушат.

 

Кылым курулушу болуп калган –  эгемен өлкөбүздүн келечегин аныктоочу Кытай – Кыргызстан – ªзбекстан темир жолунун старт алышы, Түндүк-Түштүк алтернативдик автожолунун (толук кандуу болбосо да) ишке берилиши, өлкө аймагындагы миңдеген чакырым авто жолдордун, Камбар-Ата ГЭСинин, күн, шамал электр станцияларынын, чакан ГЭСтердин эсепсиз курула башташы, кошуналарыбыз менен чек ара маселелеринин биротоло менен чечилип бүтүшү ж.б жетишкендиктерибиз өлкөбүз үчүн мурдагы Борбор Азия мамлекеттери менен тең ата алака-мамиледе болууга өбөлгө түзүүдө.

 

Тилекке каршы, баягыдай эле төңкөрүштөрдү, ополоң-тополоңдорду жасап, эл ынтымагын бузуп, улуттар аралык чыр-чатактарды козутууну күсөп, анын кесепетинен өлкөбүздү өнүгүү жолунан чыгаруу менен бийликке жетүү амалын ойлогон, өз кызыкчылыгын көздөп, мурдунан алысты көрө албаган, койнунда котур ташы бар, айрым адамдар али да   эл арасында бар экендиги өкүндүрөт. Аларга өлкө жетекчилигинин  Россия, АКШ, Кытай сыяктуу ири мамлекеттер, ал тургай коңшу мамлекеттер менен ысык алака-мамиледе, ынтымакта болгону, ири долбоорлор үчүн инвестиция тартып, өнүгүү жолуна өбөлгө түзүп жатканы да жакпайт.

 

Ушул кезеңде эмне үчүн кыргыз коомчулугунун каймактары болгон интеллигенция өкүлдөрү – атактуу акын-жазуучуларыбыздын, сүрөтчүлөрүбүздүн, композиторлорубуздун дайын-даректери билинбейт да, өнүгүү-өсүүбүз тууралуу үндөрү угулбайт? Таң калыштуу…

 

УТРК, ЭлТР телеберүүлөрү, Кыргыз радиосу, “Кыргыз Туусу”, “Слово Кыргызстана”, “Ала-Тоо” басылмалары аркылуу жакшыны жакшы, бурууну буруу деп эмне үчүн айтышпайт да, заман көйгөйүн таасын, ачык көрсөткөн публицистикалык макалаларды жазышпайт?

 

Соолгон булактай соолуп, жашоосун токтоткон “Ала-Тоо” журналы да Президентибиз С.Н. Жапаровдун жеке колдоосу менен ушул учурда “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн курамына киргизилип, Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын, дүйнөлүк адабияттын залкарларынын, улут адабиятынын алдыңкы өкүлдөрүнүн мыкты жазылган чыгармаларын элге-журтка жеткирип туруу вазийпасын чындап колго алды го!

 

Эмне үчүн ушу тапта жакшы иштерди жакшы деп ачык айткандан тартынабыз? Эмне үчүн өтмүш доордун жакшы жагынан үлгү алып, доорубуздун алдыңкы адамдарын даңазалап, атын чыгарып, кылым кыйырына таанытпайбыз?

 

Эгемендик жылдардын алгачкы жылдарында Түштүк Кореядан келген дыйкандар “0,2 га жерден кантип орто бай жашоого болоорун” кыргыз дыйкандарына үлгү катары көрсөтүп, үйрөтүү үчүн  “Долнаро Ханнон” аттуу уюм негиздеп, Чүйдө, Ысык-Көлдө күнөсканаларды куруп, жылы бою экологиялык таза өнүмдөрдү чыгарууну колго алышты эле. Бирок жергиликтүү эл, өзгөчө жаштар мындай сонун долбоорду колдоого албай, ал тургай айрым жерлерде күнөсканалар талоонго учурап жакшы натыйжа чыккан эмес.

 

Мыкты иштеп, мыкты натыйжаларга жетүү үлгүсүн жол куруу, күн электр станцияларын, кичи ГЭС ж.б. курулуш тармактарына иштөөгө келген кытай жумушчулары да азырга чейин көрсөтүп келишет, бирок тилекке каршы, алардын иштөө ыкмасы, тер төгүп иштеп,  мыкты натыйжага тезирээк жетүү үлгүсү да алиге дейре бизге жакпай келет, бизге жакканы – “жайылган койго көз салып, жамбаштап жатсаң сонун да…” – болуп калса кантели?!.

 

Улуу Ата Мекендик Согуштан кийин Нагасаки, Хиросима шаарларына атом бомбалары түшкөн Япониянын “эми бутуна турушу кыйын” деген скептиктер арбын болчу. Бирок самурай руху канында жашаган япондор өз өлкөсүн азыркы күндө дүйнө мамлекеттеринин алдыңкы сабына алып чыкты го!

 

Келгиле, ардактуу мекендештер, биз да каныбыздагы ар дайым тирүү Айкөл Манастын улуу рухун ойготуп, өлкөбүздү  өнүктүрүүгө ири салым кошуп келаткан инвесторлорду көкүрөктөн нары түртүп кагажытпай, иренжитпей, үркүтпөй эгемен кыргыз мамлекетин дүйнө жүзүнө таасын таанытып, туусун желбирете бийик көтөрөлү, ынтымактын, достуктун, биримдиктин улуу үлгүсүн кылым кыйырына көрсөтөлү!

 

Маркабай ААМАТОВ,

“Ала-Тоо” адабий-көркөм журналынын башкы редактору, Кыргыз Республикасынын эл акыны

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар